06.07.2018 11:07

Улуттук банк Ош жана Таластагы микрокредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотту

Улуттук банк Ош жана Таластагы микрокредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотту

Улуттук банк КР мыйзамдарын аткарбаганы үчүн Таластагы жана Оштогу “Ишкер” микрокредиттик агенттигинин ишмердүүлүгүн токтотту. Бул туурасында Улуттук банк өз сайтында маалымдады. 

Ошондой эле, Улуттук банктан лицензия албай туруп,  нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү фактысы боюнча Ош шаарынын тургуну 100 000 сом айып пулга жыгылды.

Андан сырткары укук бузуу фактысы боюнча Ош шаарындагы алмаштыруу бюросунун кызматкери  20 миң сом, алмаштыруу бюросу 100 000 сом жана Жалал-Абад шаарындагы микрокредиттик компаниясынын жетекчиси 50 000 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.