03.09.2018 11:17

Улуттук филармонияда чыккан өрттөн музыкалык аспаптар жабыркаган жок

Улуттук филармонияда чыккан өрттөн музыкалык аспаптар жабыркаган жок

Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында чыккан өрттөн музыкалык аспаптар жабыркаган жок. Бул туурасында April.kg порталына филармониянын концерт бөлүмүнүн жетекчиси Виктор Божко билдирди.

Анын айтымында, өрттөн 5-кабаттагы 2 бөлмө - «Камбаркан» ансамблинин репетиция өтүүчү залы жана жетекчи Рыспек Жумакуновдун кабинети катуу жабыркады.  «Бактыга жараша, аспаптар күйгөн жок – алар ошол күнү жазуу иштеринде колдонулуп жаткан. Өрттөн – столдор, отургучтар күйдү. Аябай катуу түтөдү–3-5- кабаттарда күл калды. Азыр баары тазаланып, актап-сырдоо иштери жүрүп жатат», - деди Виктор Божко.

Ошондой эле, бул - 1980-жылы салынган филармониянын тарыхындагы биринчи өрт чыккан учур экенин кошумчалады. Кыргызстанда бул имарат эң чоң концерттик зал болуп эсептелет. «9-сентябрда филармонияда эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеевдин концерти өтөт», -  деди филармониянын концерт бөлүмүнүн жетекчиси.

Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында  30-авгут күнү өрт чыккан. Алдын-ала маалымат боюнча, жалындан 200 чарчы метрге жакын аянт күйдү. Өрттү өчүрүүгө 11 унаа, 60 кызматкер жана 100 тартип сакчысы тартылган. Жалындын чыгуу себеби жана келтирилген чыгым такталууда.