02.05.2018 13:52

Улуттук коопсуздук кызматы Аскар Шадиевдин чет өлкөгө кеткенин төгүндөдү

Улуттук коопсуздук кызматы Аскар Шадиевдин чет өлкөгө  кеткенин төгүндөдү

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы учурда кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары  27-апрель күнү Шадиев операция жасатканы чет өлкөгө чыгып кетти деп билдирген. 

МУКК Аскарбек Шадиев мамлекеттик чек араны кесип өтпөгөнүн жана учурда өлкөдө экенин билдирди.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда.

Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.