18.04.2018 15:25

Улуттук коопсуздук кызматы коррупция фактысы менен Айбек Калиевди кармады

Улуттук  коопсуздук кызматы коррупция фактысы менен Айбек Калиевди  кармады

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы Айбек Калиевди кармады.  «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башкармалыгынын мурунку төрагасына 303-берененин 1-бөлүмү боюнча айып тагылууда. Бул туурасында МУККтун маалымат кызматынан кабарлашты.

 Айбек Калиев ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында ачыкталган коррупция иштерине катыштыгы бар деп айыпталууда.

Учурда Калиев МУККтун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүүдө.