16.03.2018 10:40

Улуу Британия Өкмөткө "Акылдуу шаар" боюнча консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр

Улуу Британия Өкмөткө "Акылдуу шаар" боюнча  консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр

Премьер-министр Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспорт үчүн Чыгыш Альянсы (EASST Улуу Британия) уюмунун директору Эмма МакЛеннан менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш  бөлүмүнөн билдиришти

Тараптар өлкөдөгү жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча биргелешкен күч-аракетти консолидациялоо мүмкүндүгүн талкуулашты.

Өкмөт башчы «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө учурдагы маалыматты берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө IBM консультациялык колдоосу астында Программа деталдаштырылып, анын чөйрөсү кеңейтилген, ошондой эле учурдагы долбоорлордун сапаты да жакшыртылган. «Таза Коом» алкагындагы ишмердүүлүктүн тутумдаштырылышы тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылчу иштин натыйжалуулугун жана сапатын кескин жогорулатат.

Премьер-министр Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоору боюнча келишимден чыгууга аргасыз болгонун өкүнүү менен белгиледи.

EASST – көз карандысыз уюм жана дүйнөнүн 14 өлкөсүндө ийгиликтүү иш алып барууда. Аталган уюм жалпысынан жол жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу маселесине адистешкен.

EASST директору Эмма МакЛеннан белгилегендей, жол коопсуздугу маселеси дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде актуалдуу болуп саналат. Ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен аталган маселе боюнча учурдагы абалды талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жолугушуу өткөрүлгөн.

Эмма МакЛеннан өлкө Өкмөтү аталган абалды жайгаруу үчүн жетиштүү саясий эркке ээ, мунун өзү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү фактор катары саналаарын баса белгиледи.

Анын пикиринде, биринчи кезекте иштин артыкчылыктарын белгилеп, Бишкек шаарындагы кооптуу саналган кесилиштерди аныктоо зарыл. Ал маалымдагандай, EASST тарабынан талдоонун жыйынтыгында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча тийиштүү сунуштамалар берилет.

EASST директору ошондой эле уюмдун дүйнөнүн ар кыл мамлекеттериндеги жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча эл аралык тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Ал өлкө Өкмөтүнө аталган маселе боюнча консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Анын айтымында, EASST консультанттары – жол коопсуздугу боюнча алдыңкы эксперттерден, ошондой эле ар кыл мамлекеттердин ички иштер органдарынын мурдагы жетекчилери болуп саналат.

Жолугушуу соңунда тараптар келечек кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен консультацияларды өткөрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.