09.05.2018 10:00

Тарых барактары: Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы

Тарых барактары: Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы

Улуу Ата Мекендик согуш мындан 77 жыл мурун андагы СССРге  Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 21-июнда  немец ефрейтору Альфред Лисков жашыруун түрдө  Советтер Союзунун аймагына өтүп, чек арачыларга колго түшүп берген.

Ал 22-июнда таң эрте Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн эскерткен. Бирок, немецтер таң атуусун күтпөй, түнкү саат 3:30да кол салышкан.  Ошентип экинчи дүйнөлүк согуш башталган. 

Армия да, Советтер Союзунун эли да мындайга даяр эмес болчу. Биринчи эле күнү 1 миң 200 совет учагы жок кылынган.

Аскерлердин жана офицерлердин баатырдыгына, өз өмүрлөрүн аябай салгылашканына карабай, согуштун биринчи жумасында душмандарды токтотууга мүмкүн болгон эмес.

Брест чебинин жана Минсктин, Киевдин жана Одессанын, Ленинграддын жана Сталинграддын баатырлары  да фашисттик аскерлер менен кашык каны калгыча күрөшкөн.