06.05.2020 17:23

«Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез монеталары чыгарылды (сүрөт)

«Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез монеталары чыгарылды (сүрөт)

Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арнап «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталарын, ошондой эле ушул сериядагы «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

«Улуу Жеңишке 75 жыл» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин тынчтыкты даңазалаган көгүчкөн түзөт. Арткы фонунда Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин «Жеңиш автографтары» жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылганы белгиленет. Ал эми монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу жана Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында кайраттуулук менен эрдиктин символу катары гвоздика гүлү түстүү басма менен түшүрүлүп, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн.

 

Арткы бетинде «75» деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн.

Ошондой эле бул сериядан «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык жез-никел монетасы да чыкты. Анда монетанын алдыңкы бетинин сюжетин Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында орнотулган монументтин фрагменти түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» деген жазуу чагылдырылган.

Ар бир монета акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

1941-1945-жылдагы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы согушта курман болгон.