09.05.2018 09:00

Улуу Жеңиштин 73 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз

Улуу Жеңиштин 73 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз

Улуу Жеңиш майрамына 73 жыл.  Буга байланыштуу April.kg  жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, оорук эмгекчилерин жана  жалпы  кыргыз элин бүгүнкү Жеңиш күнү  менен куттуктайт.

1418 күнгө созулган согуштагы Жеңиш бизге оңой менен келген жок. Канчалаган өмүрлөр кыйылып, тагдырлар талкаланды. Андагы ата-бабаларыбыздын октон кайра тартпаган тайманбастыгы жана эр жүрөктүүлүгү бизге бүгүнкү асманы ачык, тынч күндөрдү тартуулады.

Андыктан, арадан канча жыл өтпөсүн, ата-бабалардын эрдиги жүрөктөн өчпөйт. Биз аларга терең таазим кылуу менен, кийинки муундарга тарыхтын бул каардуу күндөрү жөнүндө, андагы совет элинин баатырдыгы жөнүндө айта жүрүүгө милдеттүүбүз.