14.08.2018 11:40

Унаа, турак-жай салыктарын сентябрга чейин төлөбөгөндөр айып пулга жыгылат

Унаа, турак-жай салыктарын сентябрга чейин төлөбөгөндөр айып пулга жыгылат

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган)  жана жер (короо-жай, короо-жай алдындагы бак-чарба жер участогу) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат. Унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, турак-жай, батир жана жер салыктарын – 2-сентябрына чейин төлөө зарыл, деп эскертишет Мамлекеттик салык кызматынан..

Салык кызматы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин унаа салыгын төлөбөгөн салыкчыларды табуу боюнча рейд жүргүзүп, кыймылсыз мүлк боюнча үй жана батирлердин ар бирин кыдыраарын эскертет.

Ошону менен бирге, салыктарды өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелмекчи.

Административдик жана финансы жоопкерчилигинен качуу үчүн, Салык кызматы бардык унаалардын, турак-жайлардын батирлердин жана жер ээлерин салыктардын эсептелген суммаларын өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырат.

Салыктарды бардык банк мекемелеринен, почта түйүндөрүнөн, ошондой эле, төлөм терминалдары жана Интернет жана мобилдик банкингдерден төлөөгө болот. Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg. сайты аркылуу алууга болот.