13.09.2018 13:09

Унаа үчүн салык төлөбөгөн жарандар аныкталат

Унаа үчүн салык төлөбөгөн жарандар аныкталат

Унаага болгон салыкты төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо үчүн рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо үчүн рейдге чыгышты.

Салык төлөгөн айдоочулар берилген чапталма кагазды унаанын алдыңкы терезесинин бурчуна чаптап коюусу зарыл. Ошондой эле ар бир айдоочу маселе жаралбашы үчүн унаага тиешелүү документтерден сырткары салык төлөөдөн алган квитанцияны дагы ала жүрүүсү керек.

Өз убагында салык төлөбөгөн айдоочулар негизги суммадан башка 2 миң сом айып жана кечиктирилген ар бир күнү үчүн чыккан туумду дагы төлөөсү шарт