04.10.2018 16:39

Унаасында дипломаттык атайын номер илинген кыз жол эрежесин бузду

Унаасында дипломаттык атайын номер илинген кыз жол эрежесин бузду

Бишкекте Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде «Nissan Pathfinder» үлгүсүндөгү  унааны айдаган кыз авариялык сигналын күйгүзүп, унаа жолдун ортосуна токтоп туруп алды. Бул туурасында Facebook социалдык тармагындагы баракчасына интернет колдонуучу Беккул Джекшенкулов жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, кыз өзүн орой алып жүргөн. «Чет элдик дипломатка деле окшобойт, адепсиз кыргыз кызы. Токтоду да, авариялык сигналын күйгүздү, «калганыңар эмне болсоңор ошо болгула» деген мамиле», - деди ал. 

Сүрөттө көрүнүп тургандай, кыздын унаасында дипломаттык номердик белги орнотулган. 

Маалымат үчүн:  D тамгасы бар номерлер- эл аралык уюмдардын, дипломаттык өкүлчүлүктүн дипломат рангы бар кызматкерлеринин жеке унаасына, уюмдарга, миссияларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет. 

ИИМге караштуу ЖКККББдан April.kg порталына бул тууралуу маалымат берише элек.