26.04.2018 17:02

Унааңызды дарак басып калса, кантип компенсация алса болот?

Жыл сайын катуу шамалдын кесепетинен жарандарыбыз түрдүү жоготууларга кабылат. Анын басымдуу бөлүгү кыймылдуу мүлккө байланыштуу. "Бирок азыркыга чейин айдоочудан арыз түшүп, алар мамлекеттен чыгымдарын төлөтүп алгандыгы тууралуу маалыматыбыз жок",- дейт керектөөчүлөрдүн укугун коргоо уюмдарынын өкүлдөрү. Табият кырсыгынан улам бак-дарактар автоунааларды басып калган учурда, компенсация өндүрүп алса болот. Ал үчүн кырсык катталган учурда бир нече эреженин сакталышы зарыл. Дал ушул эрежелер тууралуу April.kg кабарчысы Айнура Исмаилова айтып берет.