14.05.2018 14:41

Ууланган чет өлкөлүк спортсмендердин "Аврорага" доосу жок

Ууланган чет өлкөлүк спортсмендердин "Аврорага" доосу жок

«Аврора» санаторийинде тамакка ууланган спортсмендердин пансионатка доосу жок. Бул туурасында Азия чемпионатын уюштурган кикбоксинг боюнча федерациядан Кейньюска билдиришкен.

Федерациянын маалыматы боюнча, ууланып, ооруканага жатып чыккан чет элдик спортсмендер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууну ойлошкон жок.

«Эгер спортсмендер федерацияга кандайдыр-бир нааразычылык билдирсе, биз өз кезегибизде санаторийдин үстүнөн арызданмакпыз. Азырынча, эч кимде бул боюнча таарыныч жок», – дешти федерациядан.  

Эске сала кетсек, Ысык-Көлдөгү "Аврора" пансионатында жалпысынан 36 адам ууланып, алардын жетиси чет өлкөлүк спортсмендер болгон.