15.08.2018 09:10

Узакка созулган оорудан алып баруучу Салтанат Саматова көз жумду

Узакка созулган оорудан алып баруучу Салтанат Саматова көз жумду

Бишкекте бүгүн, 15-августта алып баруучу, тамада, ди-джей Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан каза болду. 

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн. Алгач радиодо ди-джей катары таанылып баштаган. Андан кийин телеалпаруучулук кызматты аркалаган. Кийинчерээк ар кандай коомдук иш-чараларды жана «Акыл Ордо» теледолбоорун алып барып, 20 жылдан ашуун убакыт медиа тармагында иштеген.

Салтанат Саматова 2011-жылы рак илдетине кабылган. Анын артында жолдошу жана бир уул, бир кызы калды.

April.kg порталынын жамааты Салтанат Саматованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.