23.05.2018 18:16

Вице-мэр Эркин Исаков: Менин питомник кармаган тууганым да, кудам да жок

Вице-мэр Эркин Исаков: Менин питомник кармаган тууганым да, кудам да жок

«Менин Бишкек шаарын көчөттөр менен камсыздаган ишкана менен эч кандай байланышым болгон эмес. Менин туугандарымдын Бишкектин жанында да, Бишкектен алысыраак жакта да эч кандай питомниги жок», -деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Эркин Исаков April.kg порталына.

Бүгүн vesti.kg  сайтында белгилүү эколог Эмил Шүкүровдун  «Ар бирин 9 миң сомдон сатып алган көчөттөр Бишкекке жакын жердеги питомникте өстүрүлгөн деген маалымат бар. Ал питомник вице-мэр Эркинбек Исаковдун аталаш тууганына таандык имиш» деп айтканы жазылган материал жарыяланган. 

Анда кечээ Жогорку Кеңеште Бишкек мэриясынын 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алуусу боюнча депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынганы маалымдалат.  

Комиссиянын курамына депутаттар  Алмасбек Акматов, Наталья Никитенко, Абылкайыр Узакбаев, Рада Туманбаева, Мухтарбек Айнакулов жана  Искандер Гайыпкулов кирип, алар укук коргоочулардын бак-дарактардын массалык түрдө кыйылышы жана калаадагы мыйзамсыз курулуштар  боюнча арыздарын карап чыгууга белсенишкен. 

Эл өкүлдөрүнүн  мындай чечимин белгилүү эколог жана Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Эмил Шүкүров колдоп, анда «мэрия бул көчөттөрдү  вице-мэрдин аталаш тууганынын питомнигинен сатып алган» деген такталбаган маалымат бар экенин билдирген. 

April.kg порталы сөздүн чын-бышыгын тактоо максатында, Эркинбек Исаковго кайрылганда, вице-мэр бул сөздөр ушак экенин, көчөттөрдү сатып алуу ачык жүргөнүн, аны бул окуяга аралаштыргыдай, тендер комиссиясынын төрагасы же мүчөсү  болбогонун айтты. 

«Менин питомник кармаган тууганым да, кудам да жок. Бул "фейк" жаңылык. Мен журналисттер менен урматтуу Эмил Шүкүров көрсөтүп берчү питомникке барып, “тууганымды” көрүп келүүгө даярмын», -дейт вице-мэр. 

Ошондой эле, мэриянын маалымат кызматы бул боюнча расмий билдирүү таратаарын кошумчалады.