15.05.2018 13:52

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эл аралык донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушту

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эл аралык донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушту

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эл аралык донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 15-майда, атамекендик саламаттык сактоо тутумуна финансылык жана техникалык көмөк көрсөткөн эл аралык донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушту.

Вице-премьер-министр аларга  саламаттык сактоо тутумундагы ар-кыл программалык документтерди жана стратегияларды иштеп чыгууда жана ианы шке ашырууда көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасында саламаттык сактоо боюнча атайы блок бар. Аталган Программага ылайык, республиканын калкынын саламаттыгын сактоодо негизги тоскоолдук катары саламаттык сактоого кетирилген чыгымдардын бюджеттик каржылоонун реалдуу мүмкүндүктөрүнө дал келбегендиги, медициналык камсыздоо тутумунун алсыздыгы, саламаттык сактоону коргоого жеке сектордун аз тартылгандыгы, медициналдык кызматкерлердин эмгек акысынын төмөндүгү, медициналык мекемелердин инфраструктурасынын кыйла эскиргендиги саналат. «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын алкагындагы негизги максат өлкө жарандарынын өмүрүнүн узарышына жана анын сапаттык деңгээлине натыйжалуу жана сезилерлик таасир көрсөтүү болуп саналат», - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде эл аралык жана донордук уюм өкүлдөрү өз уюмдарынын учурдагы жана келечектеги иштери тууралуу  маалымдап, кызматташууну мындан ары карай улантууга, анын ичинде «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын саламаттыкты сактоо боюнча блогун ишке ашыруу алкагында улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымдагандай, Өкмөт өз ишинде 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетишүүгө чоң көңүл бурат. Мында, Туруктуу өнүгүүнүн №3 «Мыкты ден соолук жана бакубаттуулук», №6 «Таза суу жана санитария» жана №13 «Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү» максаттарына жетишүүгө басым коюлат.

Аталган жолугушууга эл аралык уюмдардан: Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы  Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульман, Дүйнөлүк банктын саламаттык сактоо долбоорунун жетекчиси Ха Нгуен, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсесиниин жетекчиси Ярно Хабихт, Немец өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.