23.10.2018 11:18

«WhatsApp» аркылуу чагымчыл мүнөздөгү видеороликтерди таратып жаткан адам кармалды

«WhatsApp» аркылуу чагымчыл мүнөздөгү видеороликтерди таратып жаткан адам кармалды

Социалдык тармактар аркылуу чагымчыл мүнөздөгү видеороликтерди таратып жаткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта, 22-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында, Баткен облусунда төрөлгөн 29 жаштагы кыргыз жараны кармалганы айтылат.  Ал «WhatsApp» мессенджеринде жүздөн ашык адам бар топ түзүп, ал жакка улут аралык кастыкты козутууга багытталган тасмаларды жайгаштырган.

Бул видеолор 2010-жылы тартылып, анда  өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз жигиттерин сабап жатканы, ошондой эле, кыргыз улутундагылар 2010-жылкы окуялар үчүн кечирим суроону талап кылып, өзбек улутундагыларды сабап жаткандары чагылдырылган. 

Учурда кармалган адам материалдарды таратканын мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканын билдирди.

А.А.нын үстүнөн чогулган материалдар юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн УКМКнын тергөө органдарына жөнөтүлдү. 

Эскерте кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык,  Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгынын белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса, төрттөн жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.