18.09.2018 09:48

«Йакын Инкар» уюмунун 3 активдүү мүчөсү өз ыктыяры менен уюмдан чыгышты

«Йакын Инкар» уюмунун 3 активдүү мүчөсү өз ыктыяры менен уюмдан чыгышты

2018-жылдын 9-сентябрында Коопсуздук кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунда диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча алдын-алуу иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен «Йакын Инкар» уюмунун 3 активдүү мүчөсү өз ыктыяры менен уюмдун катарынан расмий түрдө баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Алар коомчулук алдында каталарын толугу менен моюндарына алышып, бул идеологиянын пайдасыздыгын белгилешип, жергиликтүү элдерди, өзгөчө жаштарды аталган диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынын терс таасиринен сак болуусуна жана аралашпоосуна чакырышты.

УКМК диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча ишин улантууда.