09.07.2018 16:38

Япон жарандары Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча бет ачарга күбө болушту

Япон жарандары Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча  бет ачарга күбө болушту

Япон жарандары кыргыз продукциясы  менен таанышты. Иш-чара Күн чыгыш өлкөсүндө жыл сайын өтө  турган Кавасаки Эл аралык фестивалынын алкагында жүрдү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилиги аталган шаардын мэриясы менен биргеликте, Кыргызстан жана анын туристтик дарамети тууралуу маалыматтык буклеттерди таратуу менен бирге Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштурду.

Фестиваль алкагында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар боюнча бет ачар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, 16 000 ашык коноктор кыргыз продукциясы менен (ар-кандай кийизден жасалган буюмдар жана айыл чарба азыктары) таанышышты.