15.10.2018 17:29

Япония 42 млн. долларга Бишкек-Ош жолуна кар көчкүдөн сактоочу түркүктөрдү орнотуп берет

Япония 42 млн. долларга Бишкек-Ош жолуна кар көчкүдөн сактоочу түркүктөрдү орнотуп берет

Япония 42 млн. долларга Бишкек-Ош жолуна кар көчкүдөн сактоочу түркүктөрдү орнотуп берет. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

2018-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинде, Кыргызстандын  Транспорт жана жолдор министрлиги менен «Dai Nippon Construction» компаниясынын ортосунда, Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдөн сактануу долбоору боюнча контрактка кол коюу аземи өттү.

«Бул долбоор Япониянын грантынын эсебинен ишке ашырылмакчы. Тараптардын компетенттүү органдарынын ийгиликтүү кызматташтыгынын натыйжасында, 2017-жылдын март айынын соӊунда, 4,2 млрд йен өлчөмүндөгү (42 млн. АКШ долларына жакын) Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдөн сактануу долбоорунун гранттык келишими жана алмашуучу ноталарына кол коюлган эле. 2018- жылдын 9-октябрында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин катышуусу менен, Токио шаарында долбоордун башкы жалдамачысын тандоо процедурасы өткөрүлүп, аны «Dai Nippon Construction» компаниясы утуп алды», -деп билдирет ТИМ.

Долбоордун алкагында, Бишкек-Ош жолунун 246-километринде кар көчкүдөн сактоочу түркүктөрдү орнотуу жана алардын эки тарабына кирме жолдордун курулуусу каралган.