18.09.2018 17:14

Япония Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусундагы көпүрөнү кайра курууга грант бөлөт

Япония Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусундагы көпүрөнү кайра курууга грант бөлөт

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны болуп болду.

Комитет жыйынында «Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусундагы көпүрөнү кайра куруу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу жөнүндө маселе каралды.

КР транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу менен Казакстан менен автотраспорттук каттамды камсыздап турган Талас-Тараз автожолунун 82-километриндеги Үрмарал суусундагы көпүрөнү кайра куруу максаты коюлган. Мындан сырткары, жолдун көпүрөгө чейинки бөлүктөрү дагы коопсуздук жана жол кыймылынын туруктуулугун камсыздоо максатында жакшыртылмакчы. Жапония Өкмөтү бул иш-чара үчүн Кыргызстанга 1 млрд 785 млн жапон иен өлчөмүндөгү акча каражатын грант түрүндө берет.

Комитет мүчөлөрү сунушталган долбоорду колдоого алышты.