Юристанбек Шыгаев: Эгемендүүлүктү алган 24 жылдан бери музейдин «алтын фондуна» бир да эмгек сатып ала элекпиз
«Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» долбоорунун бүгүнкү чыгарылышына Кыргыз Улуттук сүрөт өнөрлөрү музейинин мүдүрү, КР Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев келип, маек куруп берди. Назарыңыздарга маектен кыскача үзүндү тартуулайбыз.
— Атыңыздын тарыхына токтоло кетсеңиз.
— Менин өзүмдүн атам 1957-жылы Кыргыз ССРинде юриспруденция факультетинин биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. Анда Москвадан профессорлор келип сабак берчү. Мен апрелде төрөлгөндө, май айында дипломдук ишин коргогон. Агайы атын ким коесуң десе, курсташтары Манас, Сейтек, Каныбек деп атып, акыры Москвадан келген профессор быйыл биз Кыргыз ССРине биринчи юристтерди чыгарып атабыз. Ошондуктан, бул ата кесибин улантсын, Юристанбек коелу деп, ошону менен атым Юристанбек болуп калган экен. Мен бул атыма абдан сыймыктанам, себеби, кыргыз элинде мындай ат аз болсо керек. Бирок, тилекке каршы мен юрист болбостон башка кесипти тандап кеттим.
—Башка кесипти аркалап кеткениңизге атаңыз кандай көз карашта болду эле?
—Атам башында капаланып жүрдү. Теңтуштары, замандаштары «Биз сени атайын юрист болсун деп койдук эле, эмне үчүн юрист болбой сүрөтчү болуп кеттиң?»- дешти. Кийин көргөзмөлөрдөн сыйлыктарды алганда кубанышып, атам балам, талантың бар экен, туура кесип тандапсың деп өзү айтты.
—Азыркы учурда сүрөт менен акча табууга болобу?
—Бүгүнкү күндө өз токочубузду өзүбүз таап жеп атабыз, бизди мамлекет бакпайт. Союз маалында сүрөтчүлөр союзун өкмөт бакчу, атайын бюджеттен акча бөлүнчү. Ошол кезде биз политбюролордун 3 метрге жеткен портреттерин жасачубуз – Ленинди баш кылып 22 мүчөсү бар болсо, ошолордун баарынын. Ал кезде чоң акча болчу. Союз урагандан кийин ал жок. Жазуучулар союзу азыр өзүнчө коом болуп калды. Бүгүнкү күндө 6 миллион калкка 450 сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү бар. Кыргызда негизи таланттар көп. Бирок, ошонун баары өз кесиби менен иштей албайт: кээ бирөө базарга кетет, башкасы бизнеске кетет. Себеби, бүгүнкү күндө үй-бүлөнү багыш абдан кыйын. Анын үстүнө боектор да абдан кымбат. Кыргызстанда өзүбүздүн боектор жок. Себеби, кыргыз элинде май боек деген болгон эмес, болгону кол өнөрчүлүк болгон. Апаларыбыз туш кийиз, ала кийиз жасаган. Май боекторго өткөнүбүзгө 80 эле жыл болду. Материалдардын баары абдан кымбат турат. Бардык эле сүрөтчү чоң көлөмдөгү сүрөттөрдү тарта бербейт. Бирок, ага карабай көп таланттуу сүрөтчүлөр бар.
—Айтсаңыз, ушундай кырдаалда музейди кармоо канчалык оор жана ал өзүн-өзү кантип багат?
—Музейдин өзүнүн иши –коллекция. Коллекция деген «алтын фонддогу» музей сактап келе жаткан эмгектер. Бүгүнкү күндө биздин Гапар Айтиев атындагы музейде 19 миңге жакын экспонатыбыз бар. Ошонун арасында 17,18, 19-кылымдагы орус искусствосунун бизге өз учурунда берген белектери. 1934-жылы Семен Афанасьевич Чуйков деген сүрөтчүбүздин аркасы менен Третьяков галериясы жетимиш экиге жакын картинаны бизге белек кылган. Бул –биздин биринчи коллекция. 1976-жылы биздин биринчи генералдык секретарыбыз Турдакун Усубалиевдин жубайы Гүлжеке Усубалиеванын аркасы менен биздин борбордо ушундай сонун имарат салынган. Ошол кезде Орто Азияда эң мыкты чоң сүрөт имаратынын бири болуп биздин музей эсептелген. Сырткы архитектурасы боюнча абдан жакшы салынган музей экенин азыр да айтышат. Музей кантип жанын багып атат деп жакшы суроо бердиңиз. Биз Маданият министрлигине карайбыз. Ал жактан бизге дайыма эле каржылоо боло бербейт. Бизге эмнеден акча түшөт? Залдарды көргөзмөлөргө арендага беребиз:юбилейлик көргөзмөлөр болот, чет өлкөлүк сүрөтчүлөр келет. Андан түшкөн акчага лампочка, кагаздарыбызды алып алчубуз. Эми ижаранын акчасы да бизге тийбей калды.
Союз учурунда коллекцияны толуктап, жаңы сүрөттөрдү сатып алуу үчүн миллиондогон акча бөлүнчү. 24 жылдан бери биз «алтын фондго» бир да эмгек сатып ала элекпиз. Менин иштеп жатканыма 11 жыл болду, чет өлкөгө ар бир симпозиумга, көргөзмөгө барганда, мен өзүмдүн коллегаларымдан «бир ишиңди мага белекке бербейсиңби» деп сурайм. Алар мени жакшы билген үчүн өз сүрөттөрүнөн берип, акырындан «алтын фондду» топтоп атабыз.
Толук маекти бүгүн 12-мартта саат 21:00дө «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнөн көрө аласыздар.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: