22.08.2018 17:30

Юристтер «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендерди токтотууну талап кылышууда

Юристтер «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендерди  токтотууну талап кылышууда

«Коррупцияга каршы коомдук демилге» фонду өлкө жолдорун жолдо жүрүү эрежелерин бузууларды аныктоочу видеобайкоолор менен жабдуу боюнча жарыяланган тендерди техникалык жактан натыйжасыз деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылат.  

Юристтер мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү үчүн август айы бекеринен тандалган жок деген ойдо. «Коомчулуктун көңүл буруусун каалабагандар үчүн август айы эң ыңгайлуу. Бул айда кыргызстандыктар да, чет элдик ишкерлер да эс алууда жүргөн болушат. Конкурсту акырын, өзүнө ыңгайлуу кылып өткөрүп кой, бул тууралуу «өз кишилер» гана билгендей. Башкалар билип калса деле, даярданганга жетишпейт», — дешет алар. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталында «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жолдорго видебайкоолорду орнотууга жарыя 20-июль күнү саат 20:49да илинген. Конкурстун техникалык шарттары татаал, бирок алар боюнча коомдук дагы, эксперттик дагы талкуулар жүргөн эмес. 

«Конкурсту 10-августка белгилешкен. Бардык суралган эксперттер конкурс тууралуу эртерээк укпай жана анын техникалык шарттарына толук билбей туруп, аз убакыттын ичинде толук кандуу даярданып, катышуу үчүн арыз берүүгө мүмкүн эместигин айтышты. Арыз берүү мөөнөтү 23-августка чейин жылдырылып, конкурстун шартын өзгөртө башташты. Бүгүнкү күнгө чейин 3 ирет өзгөртүү киргизилди», — деп түшүндүрүшөт «Коррупцияга каршы коомдук демилгеден». 

Сатып алуулар порталына жарыяланган келишимдин долбоорунан №1 тиркеме жок болуп кеткен. Дал ушул тиркемеде эң негизги шарттар камтылышы керек эле. Жарыяланган документациядагы бардык тиркемелер 2-номерден башталууда. Бул сотто конкурсту жараксыз деп таанууга негиз болуп бере алат. 

Мындан улам, юристтер конкурсту токтотууну талап кылышат. «Инновациялык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бул мамлекеттик сатып алуунун шарттарын ар кайсы өлкөнүн техникалык серепчилери менен талкуулоо үчүн ачык платформа түзүшү керек»,- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, эртең, 23-августта «Коопсуз шаар» долбоору боюнча онлайн-аукцион өтөт.