05.12.2019 12:16
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү жети күнгө созулат
© JillWellington/Pixabay
Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Өкмөт жаңы жылдык эс алуу күндөрүн аныктоо боюнча сунушун министрлик менен мекемелерге жөнөттү.
Маалыматка ылайык, 2-3-6-январь иш күндөрү болгондуктан, бул күндөрү эс алуу үчүн жарандар дем алыш деп аныкталган 24-февралда, 9-мартта жана 23-мартта иштөөгө туура келет. (23-февраль, 8-март, 21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, кийинки күндөр дем алыш деп жарыяланат).
Ал эми май айында кыргызстандыктар 5 күн удаа эс алышат. 9-май дем алышка туш келгендиктен, 11-май 4-майга жылдырылды.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: