09.10.2019 12:39

Жактоочу: Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камап коюшу мүмкүн (видео)

Жактоочу: Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камап коюшу мүмкүн (видео)

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камап коюшу мүмкүн. Бул туурасында анын жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди. Буга чейин КСДП мүчөсүн бүгүн, 9-октябрга саат 12:00гө суракка чакырышканы белгилүү болгон. 

Жактоочунун айтымында, бүгүнкү сурак Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири Алга Кылычевдин Жолдубаевага каршы көрсөтмө бергени менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«Буга чейин Кундуз Жолдубаеваны Алга Кылычев менен беттештиргенде, ал Жолдубаевага каршы көрсөтмө берген. Мындан улам, тергөө ошол көрсөтмөнү жетиштүү деп эсептеп, Кундуздун макамын күбөдөн шектүүгө которуп коюшу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Иш ошондой өңүттө кетсе, Кундуз Жолдубаеваны бүгүн кармап, баш коргоо чарасы аныкталгыча, убактылуу кармоочу жайга киргизиши да мүмкүн. А балким, жөн гана кошумча сурактыр деген да ой бар», -деди Жоошев.

Жактоочу ошондой эле, бүгүнкү мажбурлап суракка чакыруу мыйзамга туура келбей турганын билдирди. 

«Чакыруу кагазын калтырып кетиш керек эле. Адам суракка өз эрки менен барыш керек. Бул жакта укук коргоо органдарынын кызматкери батиринин алдында туруп алып туура эмес кылган. Мыйзам боюнча кагазды таштап эле, анан келбей койсо, мажбурлап алып барса болот», -дейт Жоошев.

Андан тышкары, укук коргоочу бүгүн саат 11:00дө экс-президент Алмазбек Атамбаевди суракка алуу белгиленгенин билдирди. Жактоочунун айтымында, Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартууда жана мыйзам боюнча буга толук укугу бар.