Жактоочу: Курсан Асановдун үстүнөн Аскер прокуратурасына Жеңиш Разаков арызданган
Ички иштер министринин мурдакы орун басары Курсан Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбековго каршы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков арыз жазган. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Жениш Разаков укук коргоо органдарына 2019-жылдын август айынын соңунда кайрылган.
«Вице-премьерге өзүнүн жазган түшүндүрмөсүнүн жайылып кетиши эмес, журналисттердин чыккынчылык боюнча суроолору катуу тийген. Бирок, иште күбө катары Кашкар Жунушалиевдин жардамчысынын жакын досу көрсөтмө берген», — дейт жактоочу.
Эскерте кетсек, Жеңиш Разаковдун Тажикстандын коопсуздук кызматында үч күн бою кармалып, бошотулганы боюнча түшүндүрмө каты интернетке жарыяланган.
Курсан Асанов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясынан кийин кызматтан алынып, иш козголгон.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: