Жактоочу: Токтоткула! Сапар Исаков мамлекеттик сырды билет
Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов, анын коргоочусун № 1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которгону жатышканын билдирди. Муну менен катар, Биринчи май райондук сотунда мурдагы премьердин ишин кароо улантылууда.
Анын айтымында, бийлик Исаковду эртең, 23-апрелде колонияга которгону жатат. Белгилей кетсек, бул тууралуу юристке эч ким расмий маалымат бербей жатканын, мурдараак жактоочу өзү «Апрелге» өздүк булактарына таянып билдирген. Ал эми №1 тергөө абагынан да редакцияга маалымат жашыруун экенин кабарлашты.
«Бийликке кайрылам, токтоткула. Менин кабарым жалган экендигин жарыялап, мени фейк атагыла, аны УКМКнын тергөө абагына кайтарып бергиле. Мурунку премьер-министр мамлекеттик сырдын ээси экендигин эсиңерден чыгарбагыла», - деди Нурбек Токтакунов.
Акыркы маалыматтарга ылайык, жактоочунун жазганы, Бишкектин №1 тергөө абагынын комиссиясы бөлүштүргөнү боюнча:
Сапар Исаковду Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына;
Жантөрө Сатыбалдиевди Бишкектеги №47 колонияга;
Салайдин Авазовду №27 колонияга.
ЖЭБти модернизациялоо боюнча иштеги калган соттолуучулар боюнча маалымат белгисиз.
« Бүгүнкү комиссиянын күн тартибинде аларды таратуу болгон жок. Алардын айрымдары үчөөнү тең № 27 колонияга жиберүү керектигин билдиришкен, бирок комиссиянын чечими алдын-ала даярдалган»,- деди Токтакунов.
Буга чейин, 3-апрелде Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду зарылчылык жаралбаса деле Бишкектин №1 тергөө абагына которушкан.
Эске салсак, Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ошондой эле Сапар Исаков эки кылмыш иши боюнча -ат майдандын курулушу жана тарых музейди оңдоо иштери боюнча өтүп жатканын жактоочусу эскертти. Ошондуктан, аны Бишкектин №1 тергөө абагына которуу зарыл эмес болчу дейт юрист.
«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: