11.06.2019 13:00

Жактоочу: Убактылуу кармоочу жайда Саляновага кол салуу болушу мүмкүн

Жактоочу: Убактылуу кармоочу жайда Саляновага кол салуу болушу мүмкүн

Тергөө абагында Аида Салянованын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келип жатат. Мурдагы Башкы криминалдык чөйрөдөн коркутуулар болгонун айтып, жактоочулары коңгуроо кагып чыгышты. Алар прокурор айым негизсиз камалган деген пикирде. Ага өтө оор "коррупция" беренеси менен айып тагылып, узак мөөнөткө кесилиши күтүлүүдө.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда камакка алынган. Кийинчерээк, калаадагы №1 тергөө абагында 26-июнга чейин камоо чечими чыгарылган.

Ал эми Жазаларды аткаруу кызматында тергөө абагында Салянованын жашоосуна коркунуч жаралып жатканы тууралуу жактоочуларынын сөзүн четке кагышты. Ведомствонун маалыматында, темир тор артындагы экс-депутат өзүнчө бөлүнгөн корпуста отуруп, криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрүнөн алыс жайгаштырылган. Мындан тышкары тергөө абагы, жана имараттардын ичи-сырты толук байкоочу камералар менен жабдылган. Администрация тартип бузууга жол бербейт, дейт кызматтын жетекчилиги.