12.09.2018 11:00

Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Албек Ибраимовдун иши  боюнча соттук отурум жылдырылды

Бишкек шаардык сотунун бүгүнкү Албек Ибраимовдун камакта калуу мөөнөтүн кароого белгиленген отуруму 17-сентябрга жылдырылды. Бул туурасында  April.kg порталына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаардык соту экс-мэрдин жактоочуларынын райондук соттун Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта кармоо боюнча чечимине каршы кассациялык арызын карамак. Сот отурумду жабык өткөрүүнү чечип, буга каршы болгон айыпталуучунун туугандары жактоочуну да отурумга киргизбей коюшту. Мындай пикир келишпестиктерден  улам, отурум 17-сентябрда саат 10:00дө өтмөй болуп, жылдырылды. 

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовдун камакта кармалып турганына 2 айга чукулдап калды. Экс-калаа башчы 19-июлда УКМК тарабынан камакка алынган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Ибраимовду 29-августка чейин  УКМКнын тергөө изоляторунда кармоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочусу бул боюнча жогорку инстанцияга арызданып, бирок, 30-июль күнү Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 

Адвокат Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арызданган. Ал Ибраимовду камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрө турганын белгилеген.

Бирок, 15-августта Жогорку Сот Албек Ибраимовдун жактоочусунун экс-мэрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке каккан. 

Мурунку калаа башчысы «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.