12.07.2018 08:50

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында кечээ, 11-июлда саат 21:34тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3,5 балл, Токтогул шаары жана Торкент айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.