22.06.2018 14:59

Жалал-Абад шаарында жол тыгынын азайтуу максатында жер алдындагы өтмөк курулуп баштады

Жалал-Абад шаарында жол тыгынын азайтуу максатында жер алдындагы өтмөк курулуп баштады

Жалал-Абад шаарында жер асты өтмөгүн куруу иштери  расмий башталды. Бүгүн  Жалал-Абад облусунун бир топ аткаминерлери курулушка капсула салуу иш-чарасына катышышты. Бул туурасында аталган шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чарага катышкан облустун жетекчиси өтмөктүн Жалал-Абад шаарынын калкы үчүн өтмөк маанилүү экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндө унаа тыгындары, жөө атуулдардын башаламан кыймылы көп болуп, коопсуздук боюнча да көйгөйлөр жаралган.

Ага байланыштуу 2016-жылдан бери эле тургундар жер астынан өтмөк куруу зарылдыгын белгилеп келишкен. Шаар бийликтери Ленин көчөсүндөгү көйгөйдү чечүү боюнча калк арасында сурамжылоо жүргүзүп, дагы бир асма көпүрө куруу же жер астынан өтмөк куруу сунушун койгон. Сурамжылоого катышкан калктын басымдуу көпчүлүгү жер асты өтмөгүн курууну тандап алышкан.

Жыйынтыгында, узуну 31, туурасы 6 метрлик өтмөктү куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 19 миллион 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Кийин тендер учурунда курулушту ишке ашыруучу тарап 13 миллион сомго долбоорду утуп алган.