19.10.2018 17:22

Жалал-Абадда калың кардан улам ашууда калган чабандарга куткаруучулар жиберилди

Жалал-Абадда калың  кардан улам ашууда калган чабандарга куткаруучулар жиберилди

Жалал-Абад облусунда Сары-Кыр ашуусунан өтө албай калган чабандарга куткаруучулар жиберилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 18-октябрында Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Алакан жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 5 чабан мал-жандыктары менен Сары-Кыр ашуусун аша албай калган.

Алар аман-эсен жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба-ырайы турукташканда айылга кайтышаарын билдиришкен.

Бүгүн, 19-октябрь күнү саат 14:30да чабандардын абалын билүү үчүн ӨКМдин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 3 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишти.