18.04.2018 12:46
Жалал-Абадда кудукка түшүп кеткен бала куткарылды
Жалал-Абад шаарында куткаруучулар 2005-жылкы баланы кудуктан чыгарууга жардамдашты. Бул туурасында аталган облустагы ӨКМ башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди.
“Кудуктун тереңдиги болжол менен 7 метр, ал Курманбек көчөсүндө жайгашкан. Балдар бул жакка ойногону келишкен, бирөө кудукка тушүп, кайра чыга албай калган. Биздин куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен өспүрүмдү кудуктан чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришти. Мектеп окуучусу эч жерин кокустатып алган эмес”,- дейт А.Бекилов.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: