13.09.2018 14:50

ЖАМК менен Жарандык авиация агенттигинин чатагы уланууда. Өкмөт үн катпайт

ЖАМК менен Жарандык авиация агенттигинин чатагы уланууда.  Өкмөт үн катпайт

Жалал-Абад шаарындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аларга атайылап курулган батирлерге кире албай убара. Жарандык авиация агенттиги кызматкерлердин бул жакка көчүп келип, жашашына тыюу салууда. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди. 

Шаарда 200дөй ЖАМК кызматкери иштейт. Алардын дээрлик 90% турак-жайга муктаж. Ар биринде 35 батир бар 5 кабаттуу 2 турак-жай былтыр, 2017-жылдын ноябрында толук салынып бүткөн. ЖАМК кызматкерлерине арналган бул үйдүн курулушуна бюджет 96 миллион сом бөлгөн. 

Жарандык авиация агенттиги «Бул эки объект Жалал-Абад шаардык аба майданга 420 метрдей жакын курулуп калган үчүн, Аба кодекстеринин талаптарына туура келбейт» деген жүйөө менен батирлерде адамдар жашашына тоскоол болуп жатат. Маселе өкмөттө бир нече жолу каралган менен кандай тыянак чыкканы белгисиз. 

Кызыктуу жагдай, жумасына 3 ирет Бишкек-Жалал-Абад каттамы менен учактарды учуруп-кабыл алган аба майдан шаардын жаңы башкы планына кирбей калган.