11.05.2018 15:39

ЖАМК Ормуковдун абалы тууралуу соцтүйүндөрдөгү маалыматты төгүндөдү

ЖАМК Ормуковдун абалы тууралуу соцтүйүндөрдөгү  маалыматты төгүндөдү

Социалдык түйүндөрдө Т.Ормуковдун ден соолугунун абалы жана ага тез жардам кызматы чакыртылбай жатканы тууралуу Адил Турдукулов таратып жаткан маалымат чындыкка туура келбейт. Бул туурасында ЖАМК билдирди. 

Соттолуучу Ормуков Темирлан Иниятович, жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде түшкөн. Ал убакта Ормуков тараптан ден соолугуна байланыштуу эч кандай даттануу болгон эмес. 

Амбулатордук картасында 29-мартта жазылган күчөп бараткан стенокардия, инфарктан кийинки кардиосклероз жана көз оорулары жөнүндө  бир нече клиникалык диагноз турган. 

10-майда саат 18:00дө соттолуучунун ден соолугу текшерилип, жалпы абалы канааттандыраарлык деп табылган. Медициналык кароо учурунда эч кандай арыздануу болгон эмес, бир гана жүрөк тушу ооруп калып жатканын айткан. Кардиолог жазып берген дарыларды убагында кабыл алып жатканын билдирген.

"Т.Ормуковдун абалына даттануусу өнөкөт ооруларына байланыштуу. №21 мекеменин дарыгерлери анын абалын көзөмөлдөп турушат", - деп жазылат билдирүүдө.  

5-апрелде Т.Ормуковдун иши Жогорку Кеңешке өткөрүлгөн. 14-майда сот иши өтөт.