05.11.2019 10:45
ЖАМКтын коргоо жана кайтаруу департаментинде жоокер каза болду
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коргоо жана кайтаруу департаментинде аскердик милдет өтөп жаткан жоокер каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, жоокер токко урунган.
«Окуя кечээ саат 16:40 чамасында болду. Жоокер лампочканы алмаштырып жатканда ток урган. Ал эс учун жоготуп өзүнө келбей көз жумду. Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: