20.09.2018 12:03

Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп, Жаныбек Абиров шайланды. Ага отурумга келген 41 депутаттын кыркы «макул» деп добуш берди, бир депутат добуш берүүдөн карманды. Бул туурасында  April.kg порталынын кабарчысы билдирди. 

Жаныбек Абиров КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. 29 жашта. Эки жогорку билими бар: «юриспруденция» багыты боюнча Кыргыз-Орус Славян университетин жана «Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруудагы менеджмент» багыты боюнча КР Президентине караштуу Башкаруу академиясын бүтүргөн. 

Учурда «Восход и К» ЖЧКсынын коммерциялык директору. Ошондой эле, «Абиров» жана «Эрксай» фонддорун жетектейт.