14.09.2018 12:13

Жарандарды Сирияга барууга үгүттөп жүргөн террористтик уюмдун мүчөсү колго түштү

Жарандарды Сирияга барууга үгүттөп жүргөн террористтик уюмдун  мүчөсү колго түштү

УКМК  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоодо жана ошондой эле Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышууга үгүттөөчүлөрдү аныктоо жана алардын ишине бөгөт коюу боюнча өткөргөн контртеррористтик иш чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын жараны, Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү 1994-ж.т. «Х.И.»кармады. Бул туурасында аталган кызматтан билдиришти. 

Такталган маалымат боюнча, ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга рекруттарды үгүттөө менен алектенип келген.

Учурда УКМК Тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган жаран тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.