10.04.2018 16:23

Жаранды опузалап, 100 миң сом алып жаткан жеринен УКТ мүчөсү кармалды

Жаранды опузалап, 100 миң сом алып жаткан жеринен  УКТ мүчөсү кармалды

ИИМ кызматкерлери тарабынан опузалап акча алуу фактысы боюнча шектүүлөр кармалды. Бишкек шаарынын  Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына 44 жаштагы шаар тургуну Ш.У. арыз менен кайрылган. Анда  «Бекен», «Байзак», «Темирлан», «Игорь», «Абдулхаким»  аттуу адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү айтылган.

Бул адамдар Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү болгон жана 2016-жылдан бери арыз ээсин коркутуп,  андан 50 мн доллар өлчөмүндө акча талап кылып  келишкен. 

7-апрель күнү Свердлов райондук ИИБ тарабынан аталган факт катталып, 170-берене менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө, арыздануучудан 100 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен эки адам кармалган.  Алардын бири - УКТнын жигердүү мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган, 43 жаштагы Кемин районунун тургуну жана экинчиси  60 жаштагы,мурда бир нече жолу соттолгон  Бишкек шаарынын тургуну. 

Кармалган адамдар Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.