08.08.2018 10:16

Жарандык активисттерди шаардык мэриянын имаратына киргизбей коюшту

Жарандык активисттерди шаардык мэриянын имаратына киргизбей коюшту

Бишкек мэриясынын алдына чогулган жарандык активисттерге шаар жетекчисин шайлоо кантип жүрүп жатканын көрүү үчүн имараттын ичине кирүүгө уруксат беришкен жок. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 8-августта шаардык кеңеш депутаттары жаңы мэрди шайлоо үчүн кезексиз жыйынга чогулушкан. Жалгыз талапкер катары көпчүлүк коалиция мурунку Жогорку Кеңеш депутаты Азиз Суракматовду көрсөткөн. 

Шаар башчысы кызматына курулуш компаниясынын жетекчисинин келишине, шайлоонун жабык өтүшүнө нааразы болгон жарандык активисттер бүгүн мэрия имаратынын алдына чогулушкан. Алар шаардык кеңеш депутаттарын таратууну жана шайлоону жылдырууну, шайлоо укугун элге берүүнү талап кылып жатышат. 

Учурда мэриянын имаратынын оозун милиция кызматкерлери тосуп эч кимди киргизбей эле.   Активисттердин «жок дегенде 7 делегат кирип, көрсүн» деген өтүнүчү четке кагылды.

Митингге чыккандар шаар кеңештин депутаттарын чагылдырган каракчыларды жерге ыргытып, «депутаттар кетсин!», «маскарачылык» деп нааразы болушууда.