11.05.2018 10:45

Жарандык көзөмөл комитети "Таза коомдун" ишке ашуусун Коопсуздук комитетинде талкуулоону талап кылат

Жарандык көзөмөл комитети "Таза коомдун" ишке ашуусун Коопсуздук комитетинде  талкуулоону талап кылат

Жарандык көзөмөл комитети “Таза коом” долбоорунун ишке ашырылышын талкуулоо максатында Коопсуздук кеңешин жыйынга чакырууну талап кылат. Бул туурасында уюмдун билдирүүсүндө айтылат.

Анда,  мамлекеттин жана жарандардын  киберкоопсуздугуна  жаралуучу коркунуч жана “Электрондук документ алмашуу”, “Түндүк” жана “Акылдуу шаар ” долбоорлору тууралуу өкмөттүн отурумдарынын жыйынтыгы тууралуу ЖМКларда акыркы убакта жарыяланып жаткан макалалар коомчулукту тынчсыздандырып жатканы белгиленет. Байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевдин “Түндүк” туура эмес багытта кеткендиктен, аны башка моделге  келтириш керек деген билдирүүсү  дагы чоочулоо жаратууда.

"Бул кошумча акча каражаттарын жана убакытты талап кылат. Мындай билдирүүлөр ишти атайылап артка тартуу жүрүп жатканынан кабар берет.  “Түндүк” тутумун ишке ашырууга  акча каражаты керектелген  эмес, аны мамлекеттик органдар  ийгиликтүү түрдө  колдонуп келатышат жана  тутум  коопсуздуктун эл аралык стандарттарына  жооп берет”, - деп айтылат  билдирүүдө.

Жарандык көзөмөл комитетинин айтымында, Байланыш мамлекеттик комитетинин “Акылдуу шаар” долбоорун "Кыргызтелеком” компаниясы ишке ашырышы керек деген  билдирүүсү мыйзамга туура келбейт. Талаптар боюнча, алгач тендер өткөрүп, экономикалык эсеп жүргүзүү керек.

Ошондой эле,  орнотулган камералар ири акча каражатын салбаса деле иштеп, бардык эреже бузууларды  аныктап жатат.

"Жарандык көзөмөл комитети “Таза коомдун” мурда демилгеленген  бардык долбоорлорун мониторингге алып, аны ишке ашырууда ачык-айкындуулук болушун камсыздайт”, -деп билдиришти комитеттен.

Жарандык көзөмөлдөө комитети 2010-жылдын 11-апрелинде түзүлүп, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишине мониторинг жасоочу 70тен ашык бейөкмөт уюмдун башын бириктирген. Анын координатору болуп Динара Ошурахунова эсептелет.