10.04.2018 12:00

Жатак-абактан эки кылмышкер качып кетти

Жатак-абактан эки кылмышкер качып кетти

Балыкчы шаарындагы жатак-абактан 2  кылмышкер качып кетти.  Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Абактан качкандар 38 жаштагы Зафаржон Исматов аттуу Тажикстан жараны жана 34 жаштагы Аскаржон Буриев аттуу Өзбекстан жараны . Алардын бири уурулук боюнча эркинен ажыратылса, экинчиси документ жасагандыгы үчүн кесилген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду » ,- деп маалымдайт мекеме.