18.10.2018 10:12
Жайыл районунда көлмөгө чөгүп кеткен киши табыла элек
Жайыл районунда көлмөгө чөгүп кеткен киши табыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын 17-октябрь күнү саат 11:17 чамасында Жайыл районунун Степное айылындагы «Мелиорация» көлмөсүнө 40 жаштагы Т. И. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу кабар келген.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Акерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу тартылган, бирок табылган эмес. Издөө иштери бүгүн, 18-октябрь күнү улантылат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: