Жайкы Азия оюндарында Кыргызстан алгачкы алтын медалга ээ болду
Кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу April.kg порталына Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ал 69 килограмм салмак ченинде беттешке чыкты. Төрөкан Багынбай уулу финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен күч сынашып, жыйынтыгында 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.
Эске салсак, спортчу Кыргыздын капчыгына алгачкы алтынды алып келди. Ошентип, учурда кыргыз спортчулары 5 коло, 4 күмүш, 1 алтын, жалпы 10 медалга татышты.
Алтын медалды жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу алып келсе, 4 күмүш медалды балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов тагынышты. Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана Иззат Артыковдор бирден коло медалга ээ болушту.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: