14.09.2018 12:35

Жайкы эс алуу убагында Памирге кеткен кыргыздар кайтып келе элек

Жайкы эс алуу убагында Памирге кеткен кыргыздар кайтып келе элек

Жайкы каникул учурунда өз жерине кеткен памирликтер кайтып келе элек. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпар Мамбетова 14-сентябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Каникул учурунда туугандары менен учурашып келүү үчүн кеткен памирликтер азырынча кайтып келе элек. Кечээ биз менен байланышып, виза алуу маселеси менен алек болуп жатышканын айтышты. Сентябрь айынын аягында келип калышат экен. Ал эми Кыргызстан бийлигине таарынып кетип калганы боюнча маалыматтар чындыкка жатпайт», - деди Мамбетова.

Эскерте кетсек, былтыр күзүндө жалпысынан Кыргызстанга 49 памирлик көчүрүлсө, алардын 18и тууган-туушкандарын сагынганын айтышып, июлдун башында Афганистанга кетишкен эле. Алар күзгө чейин кайра кайтып келишээрин билдиришкен.