20.07.2018 12:34

Жаңы мэр качан шайланат? БШКнын жообу

Жаңы мэр качан шайланат? БШКнын жообу

Бишкек шаарынын мэринин креслосу бош калганына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү таратты. Анда «Борбордун статусу тууралуу» мыйзамдын 23-беренесине  ылайык, орун бош калган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоону дайындай турганын маалымдайт. 

Шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан, шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен, өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шайлоо болду деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт, тиешелүү протокол түзөт жана шайлоонун натыйжаларын ал жарыяланган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракцияларынын коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөтө алат.

Бишкек шаарынын мэрине карата талаптар

Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.

Мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же соттуулугу алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди каттоо

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерди көрсөткөн субъект шайлоого чейин 5 жумушчу күн калганданкечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн төмөнкү документтерди берет:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимди;

2) талапкердин ат салышууга макулдугу жөнүндө арызын;

3) талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жана жашаган жерин көрсөтүү менен анын өмүр баянынын маалыматтарын;

4) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди.

Аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсун текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечимди же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимди кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, аймактык шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерди көрсөткөн субъектке ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субъект маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Талапкерлигин койгондон тартып, шайлоого 5 жумушчу күн калганга дейре талапкер мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырат. 

Аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күн аралыгында Бишкек шаарынын мэринин шайлоосун уюштурат.