27.08.2018 15:42

Же акчадан жок, же суудан жок. УКМК кызматкери Дархан айылын таза суусуз калтырды

Же акчадан жок, же суудан жок. УКМК кызматкери Дархан айылын таза суусуз калтырды

УКМК кызматкерлери «желди» деп ойлогон акчанын изин табам деп жатып, Ысык-Көл облусундагы  Дархан айылын таза суусуз калтырды. Бул тууралуу Дархан айыл өкмөтүнө караштуу «Желдең таза суу»  бирикмесинин жетекчиси Нурлан Баймуратов April.kg порталына билдирди. 

Анын айтымында, 2014-жылга чейин Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында таза суу көйгөйү орун алып келген. Мындан улам, айыл жаштары Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 900 миң сомдун тегерегинде акча бөлдүрүп алышкан. «Биз суу түтүктөрүн алмаштырып, насос коелу дегенбиз. Бөлүнгөн каражат жетпегенинен долбоор жазып, аны кореялык компания жактырган болчу. Ошентип, ал компания бизге 450 миң долларлык насос жана 220 диспенсер алып беришкен. Ал эми фонддон алган акчага түтүктөрдү жаңыртканбыз. «Фаворит Транс» ишканасынын кожоюну биздин айылдан болгондуктан, акысыз техникалык жардам көрсөткөн. Ошентип, төрт жылдан бери айыл толук таза суу менен камсыз болуп, оңуп калганбыз. Эки ай мурун УКМКнын Азат аттуу кызматкери келип, «каражатты максатсыз пайдалангансыңар, түтүктөр алмаштырылган эмес» деп күнөө коюп, жерди каздыра баштады. Казуу учурунда, айылга кетчү үч чоң түтүктүн экөө жарылып, айыл кайрадан суусуз калды»,- дейт Нурлан Баймуратов.

УКМКнын кызматкерлери түтүк жарылганда эле, казуу иштерин токтотушкан. Бирок, «100 метр түтүк жетпей жатат» деген шылтоо менен «каражатты максатсыз пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгошкон.

«Алар 100 метр түтүк жетпей жатат дешти. Баарын казып көрбөгөндөн кийин, жер алдында канча метр түтүк бар экенин кантип билип коюшуптур? Жарылган түтүктү оңдоп беребиз дешкен. Ошол бойдон дайыны жок. Андан бери мени бир ирет суракка чакырышты. Ал эми, айылдаштарына жардам иретинде техниканы акысыз бөлүп берген «Фаворит Транс» ишканасынын ээсин кайра-кайра суракка чакырып, тажатып жатышыптыр», -деп кошумчалайт Баймуратов. 

«Желдең таза суу» бирикмесинин жетекчисинин сөзүнө караганда, эми айыл тургундарынын айрымдары маселени толук түшүнбөй, суучуларга нааразы болуп жатат. 

«Мектеп, бала бакча өңдүү обьектилер суу берүүнү өтүнүп, кат жазып жатышат. Жакында окуу жылы башталат. Балдарга ысык тамак берүү үчүн суу керек. Эми мен бул маселени кандай чечүүнү билбей турам. Диспенсерлерди берип, Ак-Суу айылындагы психоневрологиялык балдар үйүнө дагы жардамдашып жатканбыз. Ал жакка жумасына 2 тонна суу жеткирилчү»,- деди Баймуратов. 

Айыл эли суусу жок отурганда бийлик көңүл бөлбөй, эми түтүктөрдү казып, тазалап, суу чыгарып алгандан кийин мамлекеттик кызматтардан ушундай кысымдар болуп жатканына Дархан айылынын жаштары нааразы болушууда. 

April.kg порталы бул маселе боюнча УКМКнын маалымат кызматына кайрылганда, маселени териштирип көрүп, 14 күндүн ичинде жооп кайтарууну убадалашты.