30.05.2019 13:00
ЖЭБ чуусу. Каржы министрлиги TBEA компаниясын Кытай тарап аныктаганын билдирди
© КР Президентинин маалымат кызматы
Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган иш каралып жатат. Соттук отурумдун жүрүшүндө Каржы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков жабырлануучу катары сурак беришүүдө.
Соттун жүрүшүндө экс-премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Кыргызстанга аткаруучу уюмду тандоо мүмкүнчүлүгү берилгенине кызыкты.
«Кытай тараптан долбоорду аткаруучу уюмду тандоо альтернативасы болду беле? Кыргызстандын TBEA компаниясынан башкасын тандоо мүмкүнчүлүгү бар беле?» - деп сурады Исаков.
Буга Каржы министрлигинин өкүлдөрүнүн бири Нурлан Мамасадыков ишти аткаруучу тарап катары TBEA компаниясын Кытай тарап бекиткенин билдирди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: