30.05.2019 16:32

ЖЭБ чуусу. Сот айыпталуучулардын туугандары менен сүйлөшүп алуусуна уруксат берген жок 

ЖЭБ чуусу. Сот айыпталуучулардын  туугандары менен сүйлөшүп алуусуна уруксат берген жок 

Бүгүн, 30-майда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча соттук отурум уланууда. Отурумдун  жүрүшүндө соттолуучулар судья Инара Гилязитдиновадан отурум жыйынтыкталгандан кийин туугандары менен 5 мүнөт сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүштү.

Бирок, сот күзөтчүлөргө шылтап, бул өтүнүчтү четке какты. «Күзөтчүлөр сүйлөшкөнгө уруксат бербейт. Жолугушууга арыз жазышыңар керек», - деди сот. 

Соттолуучулар гумандуулук тууралуу эскертишти, бирок сот алардын сөзүнө көңүл бөлгөн жок. Кийинки соттук отурум 6-июнга белгиленди.