05.09.2018 18:13

ЖЭБдеги жабдууларды жаңылоо үчүн 81,9 миллион сомго тендер жарыяланды

ЖЭБдеги жабдууларды жаңылоо үчүн 81,9 миллион сомго тендер жарыяланды

«Электр станциялары» ишканасы Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери үчүн 81 миллион 849,6 миң сомго тендер жарыялады. Ишкананын маалымат кызматынын айтымында, тендер мөөнөтү 40 жылдан ашып кеткен кабелдик линияларды жаңылоо үчүн жарыяланган.

«Бишкек ЖЭБи шаарды жылуулук менен гана камсыздабастан, электр энергиясын да бөлүп чыгарат. Өзгөчө өлкөнүн түндүк аймагын электр энергиясы менен Бишкек ЖЭБи камсыз кылат. Бирок андагы электр чубалгыларынын абалы эскирип, аларды жаңылоо муктаждыгы келип чыккан. Мындан улам Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тендер жарыяланды.

Азырынча тендердин жыйынтыгы качан белгилүү болору жана оңдоп-түзөө иштери качан башталып, качан аяктаары белгисиз. План боюнча жаңылоо иштери ушул жылга белгиленген. Бирок учурда Бишкек ЖЭБинин айрым бөлүктөрү чубалгысыз калды деген түшүнүк жаралбоо керек, бизде кошумча да варианттар каралган», - дейт маалымат кызмат.